Компания жөнүндө
BNC бренди 1994-жылы Кыргызстандын фондулук рыногунда каржылык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүү максатында негизделген. BNC аталышы алгачкы эки уюштуруучунун — Борис Исаков менен Чинарбек Отунчиевдин ысымдарынын биринчи тамгаларынан куралып, «B&C» же «Би энд Си» деп окулат, кийинчерээк «БиЭнСи» деп айтылып жана жазыла баштаган.
BNC компаниялар тобуна кирген BNC Инвестициялык-консалтинг борбору (ИКЦ) негизделгенден баштап эле баалуу кагаздардын биржалык жана биржадан тышкары жүгүртүү көлөмү боюнча рыноктун лидерине айланган. 1997-жылдан тартып BNC ИКЦнын корпоративдик баалуу кагаздар менен болгон биржалык жана биржадан тышкары жүгүртүүлөрү борборго
Кыргызстандын фондулук рыногундагы брокердик компаниялардын арасында лидер болууга мүмкүндүк берди.
2001-жылдын 4-майында BNC компаниялар тобунун алкагында жаңы аталыштагы компания — «BNC Capital Management» (БиЭнСи Кэпитал Мененджмент) ЖЧКсы пайда болот. Компания Кыргызстандын экинчи биржасы — «Биржалык соода тутуму» ЖАКында соода жүргүзүү үчүн түзүлгөн жана бир аздан кийин бул биржадагы соода көлөмү боюнча лидерлердин катарына кирген. «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКына өткөндөн кийин да Кыргызстандын эң активдүү үч брокердик компаниясынын катарына кирет.
2004-жылдын сентябрында компаниянын уюштуруучулары компанияга жаңы аталыш берүү чечимин кабыл алышат — «BNC FINANCE» (БиЭнСи Файненс) ЖЧКсы.