Инвестициялоонун алиппеси

Суроо – жооп

Брокердик эсепти кантип ачуу керек?

Брокердик эсепти биздин кеңсеге келбей эле, тагыраагы, аралыктан (онлайн) ачууга болот. Сиз Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны экениңиз маанилүү эмес. Кызмат көрсөтүү шарттары баарына бирдей. Бул үчүн биздин электрондук дарекке (bnc.finance.ib@gmail.com) паспортуңуздун сканерин, почта дарегиңизди же жашаган жериңиздин дарегин, ошондой эле уюлдук телефонуңузду жөнөтүшүңүз керек. Берилген маалыматтарды алып, изилдеп чыккандан кийин, биз сизге брокердик тейлөө же баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу боюнча бир жолку бүтүмдү ишке ашыруу келишиминин долбоорун жөнөтөбүз.

Брокердик эсепти кантип толуктоо керек?

Эң оптималдуу жолу — КИЦБ (KICB) ЖАКтын каалаган филиалынан банктык эсепти толуктоо же төмөнкү реквизиттер боюнча биздин банктык эсепке которуу жүргүзүү: алуучу: «BNC Finance» ЖЧКсы, KGS үчүн эсептешүү эсеби: 1280020058174158, USD үчүн эсептешүү эсеби: 1280020158174185, RUB үчүн эсептешүү эсеби: 1280020358174142, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКтын Бишкек ш. филиалы, БИК 128002, SWIFT: KICBKG22, Төлөмдүн багыты: (Аты-жөнүн көрсөтүү) пайдасына (ААКтын аталышын көрсөтүү) акцияларын сатып алууга. «КИКБ» ЖАКтын төлөм реквизиттерин тактоо үчүн банктын сайтына кирүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдөн кандай салыктар төлөнөт

Кыргыз Республикасынын резиденттери Кыргыз Республикасында катталган компанияларга катышуудан алган дивиденддерине киреше салыгы же пайдага салынган салык салынбайт. Ал эми нерезиденттер бул учурда дивиденддерди 10% өлчөмүндөгү салык кармалгандан кийин алышат. Салык баалуу кагаздарды чыгарган эмитент-компаниянын өзү же башка салык агенти тарабынан кармалат, бул сиз баалуу кагаздарды кайда сактаганыңыздан көз каранды: (а) эгерде депозитарийде болсо, анда депозитарий кармайт; (б) эгерде ишенимдүү башкарууда болсо, анда башкаруучу компания салыкты кармап калат.

Сиз Кыргыз Республикасынын резиденти же нерезиденти экениңизге карабастан, эгерде сиз листингде жок баалуу кагаздарды сатып алып, андан кийин аларды пайда менен саткан болсоңуз, анда сатып алуу баасы менен сатуу баасынын ортосундагы айырмадан 10% өлчөмүндө салык төлөөгө милдеттүү болосуз.

№1 мисал: Эгерде сиз «Эң мыкты компания» ААКтын акцияларын бир акция үчүн 10 сомдон сатып алып, бир нече убакыттан кийин аларды же алардын бир бөлүгүн бир акция үчүн 15 сомдон сатсаңыз, ал эми сатылган күнү акциялар фондулук биржанын листингинде жок болсо, анда сатып алуу жана сатуу баасынын ортосундагы айырма (салык базасы) бир акциядан 5 сомду түзөт жана төлөнүүчү салыктын суммасы бир акциядан 0,5 сомду түзөт.

№2 мисал: Эгерде акциялар сизге мураска калса же сизге белекке берилсе жана сиз аларды (кайрадан эле акциялар листингде жок болсо) айталы, бир акцияны 10 сомдон сатсаңыз, анда салык базасы бир акциядан 10 сомду түзөт жана сиз бир акциядан 1 сом өлчөмүндө салык төлөөгө милдеттүү болосуз.

Эгерде сиз баалуу кагаздарды пайда менен сатсаңыз жана алар сатылган учурда «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын листингине эң жогорку категория (IL — International Listing — Эл аралык листинг) же андан кийинки эң жогорку листинг категориясы (BC — Blue Chips — Көгүлтүр фишкалар) боюнча киргизилген болсо, анда сатып алуу баасы менен сатуу баасынын ортосундагы айырмадан түшкөн кирешеге пайдага салынган салык же киреше салыгы салынбайт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бул ченеми Кыргыз Республикасынын резиденттерине да, нерезиденттерине да бирдей колдонулат.

Брокердин комиссиясы кандай

Брокердин сыйакысы коюлган милдеттерге жараша жекече аныкталат, бирок сатып алуу-сатуу боюнча стандарттык бүтүмдөр үчүн комиссиялык сыйакы төмөнкүнү түзөт:

Накталай эмес эсептешүү шартында комиссия ар бир бүтүмдүн наркынан 3%ды түзөт, бирок 500 (беш жүз) сомдон кем эмес. Фондулук биржаны тейлеген депозитарий сыяктуу эле, «БиЭнСи Файненс» компаниясынын да «КИКБ» ЖАКта (www.kicb.net) эсептешүү эсеби бар. Бир эле банкта эсепке ээ болуу менен, биз банктар аралык которууларга караганда банктык которууларды алда канча тез жүргүзө алабыз. Ошондуктан, эгерде сиз акча каражаттарын тезирээк киргизүүнү же чыгарууну кааласаңыз, «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАКынан банктык эсеп ачууну сунуштайбыз.

«БиЭнСи Файненс» компаниясынын кассасына накталай акча төлөгөндө же бүтүмдөн кийин накталай акча алганда, комиссия ар бир бүтүмдүн наркынан 5%ды түзөт, бирок 500 (беш жүз) сомдон кем эмес.

Эгерде сизде баалуу кагаздар менен стандарттык эмес бүтүм жасоо пландалып жатса же сизге консультация керек болсо, биз менен байланышууну сунуштайбыз.

Брокерди кантип тандоо керек

Бир нече брокердик компаниялардын кеңселерине барып, кызматкерлеринен кеңеш алууну жана суроолорду берүүнү сунуштайбыз. Бир нече компанияга баргандан кийин, сиз брокердик кызматтарды жакшыраак түшүнүп каласыз.

Ошондой эле брокердик компанияга барганда алардын лицензиялары, ошондой эле трейдерлеринин квалификациялык күбөлүктөрү менен таанышууну сунуштайбыз.

Документтерден сырткары, брокер «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын же башка биржанын соода катышуучусу болуп саналаар-саналбасын тактап алуу зарыл.

Эгерде брокердик фирманын өзүнүн кеңсеси жок болсо жана сиз менен жеке жолугушуудан качышса, анда бул сизди кооптондурушу керек.

Депозитарий эмне менен алектенет

Депозитарий — бул баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу болуп саналган уюм.

Депозитарийлер баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну, аларды сактоону жана ички эсептер боюнча жана/же өз ара, көз карандысыз реестр кармоочулар жана/же башка депозитарийлер ортосунда которууларды ишке ашырышат.

Ар бир фондулук биржанын өзүнүн өнөктөш-депозитарийи болот, ал фондулук биржанын соода аянтчасында жүргүзүлүүчү баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү коштоп турат.

Депозитарий баалуу кагаздарды номиналдык кармоого кабыл алууга укуктуу, анын ичинде фондулук биржанын соода катышуучусу соода аянтчасы аркылуу бүтүмдөрдү жасашы үчүн да кабыл алат.

Депозитарий (баалуу кагаздардын ээси — брокер — көз карандысыз реестр кармоочу — депозитарий — фондулук биржа — баалуу кагаздардын жаңы ээси) чынжырчасындагы байланыштыруучу звено болуп саналат.

Баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү брокерсиз эле жасоого болобу

Эгерде сиз баалуу кагаздарды сатып алуу-сотуу бүтүмдөрүн жасоону пландап жатсаңыз, анда муну лицензиясы бар брокер аркылуу гана жана лицензиясы бар соода уюштуруучусу аркылуу гана ишке ашыруу керек.

Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо эрежелерине ылайык, бүтүмдөр биржалык жана биржадан тышкаркы рыноктордо түзүлөт.

Мисалы, биржалык рынокто ачык акционердик коомдордун (ААК) акцияларын сатып алуу-сотуу жана жайгаштыруу боюнча бүтүмдөр, ААКтын бир баалуу кагаздарын ААКтын башка баалуу кагаздарына алмаштыруу бүтүмдөрү, түз РЕПО бүтүмдөрү ишке ашырылат.

Биржадан тышкаркы рынокто төмөнкүдөй бүтүмдөр жасалат:

  • жабык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сотуу жана жайгаштыруу;
  • баалуу кагаздарды мурастоо, белекке берүү тартибинде жана акысыз мүнөздөгү башка негиздер боюнча өткөрүп берүү;
  • уюштуруу чыгарылышында акцияларды жайгаштыруу;
  • соттун чечими боюнча өткөрүп берүү;
  • кайтарым РЕПО бүтүмдөрү;
  • акцияларды конвертациялоо;
  • номиналдык нарктын өзгөрүшүнө байланыштуу жайгаштырууда

Видео аудио материалы

Брокерские услуги на рынке ценных бумаг

Обратившись к нам, Вы сможете получить следующие услуги:

– продажа или покупка акций, долей и иных ценных бумаг;

– скупка и укрупнение пакетов акций;

– организация и представление интересов на аукционах по покупке (продаже) пакетов акций и иных активов;

– консультации и содействие в размещении дополнительных выпусков акций (андеррайтинг);

– регистрация бартерных операций (обмен акций на любое другое имущество);

– сделки с акциями, в случае если платёж с рассрочкой или траншами;

– регистрация сделок с акциями закрытых акционерных обществ;

– опционы на покупку или продажу акций, в том числе для мотивации менеджмента;

Передать акции в доверительное управление

Доверительное управление может быть Вам необходимо в следующих случаях:

  • если Вы стали либо планируете стать государственным служащим, и у Вас есть простые именные акции, то Вы не вправе самостоятельно управлять акциями, так как это будет означать, что Вы занимаетесь экономической деятельностью. Вам следует передать свои акции в доверительное управление организации, имеющей соответствующую лицензию;
  • если у Вас нет достаточных знаний, опыта и/или времени для инвестирования в ценные бумаги, и Ваш инвестиционный портфель существенный, то Вы можете заключить договор доверительного управления инвестиционными активами (договор ДУ), согласовав с управляющим то как будут осуществляться инвестиции, по какой стратегии, это всё следует отразить в инвестиционной декларации, являющейся неотъемлемой частью договора ДУ;

Услуга по договору ДУ и размер комиссионного вознаграждения управляющего определяются индивидуально, в зависимости от инвестиционного портфеля и выбранной стратегии.