Сиз түшүнгөндөй, акция – бул акционердик коомдогу үлүштүн бир бөлүгүнө болгон укук. Ал эми бул коомдор ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча (кызмат көрсөтүү, товар өндүрүү жана/же сатуу, жумуштарды аткаруу), иш алып барган орду боюнча (республикалык, аймактык, эл аралык), стратегиялык мааниге ээ же ээ эместиги боюнча жана башка көптөгөн параметрлери менен айырмаланышы мүмкүн.
Чет элдик инвесторлор «көгүлтүр чиптердин» (голубые фишки) акцияларына, тагыраак айтканда, акциялары фондулук биржанын расмий тизмесине кирген акционердик коомдорго инвестиция салууну туура көрүшөт. Бул тизме листинг деп да аталат. Ошентип, батыштын тажрыйбалуу инвесторлору листингде жок акцияларды кыйгап өтүшөт.
Листинг – бул акционердик коомдун ишмердүүлүгү ачык-айкын жүргүзүлүп жаткандыгынын өзгөчө бир кепилдиги. Бул КФСО (МСФО) боюнча каржылык отчеттуулукту түзүү жана аны фондулук биржанын сайтында ачыктоо, ошондой эле милдеттүү түрдө сырткы көз карандысыз аудиттен өтүү дегенди билдирет. Листинг акционерлердин укуктарынын корголушун жана мыйзам ченемдеринин сакталышын, анын ичинде таза пайданын кеминде 25%ын дивиденддерди төлөөгө милдеттүү түрдө багыттоону камсыз кылат. Ошондой эле листингге кирүү үчүн акционердик коомдун башкаруу түзүмүндө Директорлор кеңеши сыяктуу органдын болушу шарт, анын курамынын кеминде 1/3 бөлүгүн көз карандысыз, кесипкөй директорлор түзүшү керек.
Листингдеги акциялардан тышкары, фондулук биржада көңүл бурууга татыктуу болгон, өз акционерлерине дивиденд алып келген жана инвесторлор үчүн алып-сатарлык (спекулятивдик) операциялар жагынан кызыгууну жараткан акциялар да сатылат. Бирок мындай компаниялардын жетекчилиги (менеджменти) өз акцияларын листингге киргизүүнү зарыл деп эсептебейт.
Иш жүзүндө, Кыргыз Республикасынын акционердик коомдорунун болжол менен 90%ы листингде жок акциялардын категориясына кирет.
Инвестордук жолго кадам таштаңыз, ошондо ар бир бурулушта сиз үчүн кызыктуу горизонттор ачылат.