Инвестициялоодо алтын эрежелер бар. Алардын бири: «Өзүң түшүнбөгөн нерсеге эч качан инвестиция салба», — деп айтылат. Бул эрежеге таянып, тигил же бул компаниянын акцияларын кылдаттык менен изилдеп чыгуу керек.
Дагы бир эреже мындай угулат: «Портфелиңди диверсификацияла», ал эми жөнөкөй тил менен айтканда, «Баарын бир жерге топтобо» (же «Жоолукчанды көрө чуркаба»). Бүгүнкү күндө, бир тараптан тартиптин начар өнүгүшү жана чыдамкайлыктын жоктугу, экинчи тараптан тез арада эселеп («икстерди») киреше табуу кумарлыгы убагында, жаңы баштаган инвесторлор биринчи кезекте пайыздарга же кирешенин өсүшүнө гана көңүл бурушат.
Финансылык жактан сабаттуу инвестор төмөнкү критерийлердин негизинде, ирээти менен иш алып барат:
Биринчиден, мен өз инвестицияларымды кантип көзөмөлдөй алам? Мага кайда инвестициялоону сунуштап жатышат? Кандай келишимдин негизинде жана анда кандай шарттар бар? Же мага такыр эле келишим түзүүнү сунуштабастан, жөн гана акча каражаттарын эсепке киргизүүнү жана аларды смартфондун экранындагы жеке кабинетимден көрөрүмдү айтып жатышабы? — алдамчылар дал ушундай кылышат. Бир дагы ак ниет брокер келишимсиз иштебейт. Келишим жазма түрүндө түзүлүшү мүмкүн же сиз смартфонго тиркемени жүктөп алып, верификациядан өтөсүз, андан кийин ачык оферта келишимине кошуласыз. Андан ары, сизге эмнени сунуштап жатышат: жөнөкөй аталыштагы акциялардыбы же артыкчылыктуу аталыштагы акциялардыбы? Алардын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарындагы айырмачылыктарын интернеттен таба аласыз.
Экинчиден, чыгым тартуу тобокелдигин баалоо керек. Бул үчүн акционердик коомдун өзүн, ал иш жүргүзгөн рынокту жана менеджменттин жеке курамын изилдөө зарыл. Директорлор кеңешинин жана аткаруучу органдын мүчөлөрүнүн акциялары барбы, канча өлчөмдө жана бул көлөм өсүп жатабы (бул отурумдук отчеттордо чагылдырылышы керек) же менеджмент акцияларын сатып кутулуудабы? Акционердик коомдун кандай узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү милдеттенмелери бар, алардын түзүмү жана табияты кандай? Коом сотто жоопкерби же доогерби? Коомдун кандай активдери бар? Пайданын негизги булактары кайсылар? Финансылык отчеттуулукту кайсы көз карандысыз аудитор текшерет жана катары менен канча жылдан бери? Бул — жообун табуу керек болгон суроолордун бир бөлүгү гана.
Үчүнчүдөн, пайда албай калуу тобокелдиги бар-жогун көрүү керек. Акцияларга инвестиция салуу тобокелдик менен коштолот. Эгерде сиз тобокелге баруудан корксоңуз, анда мамлекеттик казыналык векселдерди жана облигацияларды жана/же корпоративдик облигацияларды сатып алууда тажрыйба топтоңуз. Бул жерде базалык тобокелдиктерден тышкары, коомдун ашыкча насыя алып албагандыгын текшерүү зарыл. Анткени иш жүзүндө, банктар насыя бербей калгандыктан, компания облигацияларды чыгарган учурлар кездешет.
Төртүнчү критерий ликвиддүүлүккө тиешелүү, тагыраак айтканда, акцияларды сатууга кете турган убакытты баалоо. Акцияларды канчалык тез сата алсаңыз, ликвиддүүлүк ошончолук жогору болот.
Бешинчи критерий — кирүү суммасы. Акциялардын бир даанасынын баасы бир сомдон аз же жүз миң сомдон ашык болушу мүмкүн. Ошондой эле алар ар кандай көлөмдө сунушталышы ыктымал. Бул учурда карызга алынган каражаттар менен инвестиция жасабоо керектигин эске алуу зарыл. Эң башында, жашоо каражатсыз калуу тобокелдигине кабылбаш үчүн, жоготууга даяр болгон сумманы гана жумшоо керек.
Жана биринчи кезекте эмес, алтынчы кезекте гана тажрыйбалуу инвестор тигил же бул акциялар боюнча кандай кирешелүүлүк сунушталып жатканына карайт. Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайды эске алуу керек: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акциялар боюнча кирешелүүлүккө кепилдик берүүгө тыюу салынган. Белгиленген (фиксацияланган) кирешелүүлүк облигацияларда же артыкчылыктуу акцияларда гана болот.
Бул эрежелерди колдонуңуз жана тажрыйбаңызды өстүрүп, инвестициялык портфелиңизди кеңейтиңиз!