Сайтта жайгаштырылган материалдарды колдонууга сайтка шилтеме берилгенде гана уруксат берилет.
Ишкердик жөндөмү бар инвестор
Бизге ошол учурда 5 жылга чукул кызматташып калган кардар кайрылды. Ал 35 жаштагы кыйла жаш жигит эле жана ай сайын BNC FINANCE аркылуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК, «Кыргызмунайгаз» ААК, «Электр станциялары» ААК, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жөнөкөй катталган акцияларын, ошондой эле «Ошэлектро», «Жалалабадэлектро», «Түндүкэлектро» бөлүштүрүүчү компанияларынын жана стратегиялык эмес коомдордун акцияларын сатып алып турчу. Бул жолу ал шаардын борборунда чоң жер тилкеси бар аймактык тамак-аш ишканасынын акцияларын сатып алып жатканын билдирди. Ошентип, ал акциялардын 28%ка жакынын топтоп, экинчи ири акционерге айланган. Анын акциялары Директорлор кеңешинин курамына жана Ревизиялык комиссияга өз өкүлдөрүн көрсөтүүгө жана шайлоого толук жеткен. Андан сырткары, бир нече убакыттан кийин ал эң ири акционер менен өзүнө жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу макулдашып, тараптар кол алышып, чогулуш өткөрүшкөн. Бирок протоколду талапка ылайык тариздей алышпай, юстиция органы аны кабыл албай койгон.
Биз дал ушул этапта кызмат көрсөтүүгө кириштик. Документтердин топтомун изилдеп, кызыкдар тараптар менен кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү схемасын жана иштеп жаткан акционердик коомдон жаңы акционердик коомду бөлүп чыгаруу жолу менен кайра уюштуруу процедурасын макулдаштык. Натыйжада биз тараптан Директорлор кеңешинин жыйынынын кеңири протоколу жана эң башкысы, бардык зарыл болгон жоболор чагылдырылган акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун протоколу түзүлдү. Андан ары биз кардарга ачык акционердик коомду түзүүнүн, акциялардын уюштуруу чыгарылышын каттоонун жана кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүнүн этап-этабы менен аткарылуучу планын сунуштадык. Бул процесс аяктагандан кийин, биз эң ири акционер менен биздин инвестордун ортосунда эки ААКтагы акцияларды алмашуу процедурасын камсыз кылдык, аны алар өз алдынча ишке ашырышты.