Банктын убактылуу администраторуна акционерлердин жылдык жалпы чогулушун даярдоого, чакырууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү. Чогулуштун материалдарын кылдаттык менен даярдоонун натыйжасында, акционерлер тарабынан өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын эсебинен жөнөкөй катталган акциялардын кошумча чыгарылышы жөнүндө чечим даярдалган, ошондой эле Директорлор кеңешинин курамы шайланган. Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарын аткарууга мүмкүндүк берди. Акцияларды ийгиликтүү жайгаштыргандан жана банктын уставдык капиталын көбөйткөндөр кийин убактылуу администрация режими алынып салынды.
Төмөндө аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча банк өкүлүнүн пикирин жарыялайбыз:
«BNC FINANCE» (БиЭнСи Файненс) ЖЧКсынын иши жөнүндө пикир
Мен Банктын убактылуу администраторунун милдеттерин аткарып жаткан мезгилде банктын алдында акционерлердин жылдык жалпы чогулушун уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле топтолгон бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен кошумча акцияларды эмиссиялоо (чыгаруу) боюнча маанилүү маселени кароо милдети турган.
Бул иш-чараларды толук юридикалык коштоо боюнча тапшырма Тилек Эралиевге жана ал жетектеген компанияга берилген. Милдеттердин чөйрөсүнө бардык зарыл болгон документтерди даярдоо, укуктук талдоо жүргүзүү, мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүнү камсыз кылуу, ошондой эле чогулушту түздөн-түз уюштуруу жана өткөрүү кирген.
Чогулуш жогорку кесипкөйлүк деңгээлде өттү. Күн тартибиндеги бардык маселелер кылдат иштелип чыгып, банктын жана анын акционерлеринин кызыкчылыгында чечилди.
Процесске Тилек Эралиевдин жогорку деңгээлде катышуусун, анын жоопкерчилигин, майда-чүйдөсүнө чейин кунт коюп мамиле жасаганын, кыска мөөнөттө милдеттерди натыйжалуу чече билгендигин, ошондой эле бардык келишимдик милдеттенмелерди так аткаргандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.
Биз кызматташуунун натыйжаларына толугу менен ыраазы болдук жана Тилек Эралиевди өнөктөш катары, ал эми «BNC FINANCE» компаниясын корпоративдик укук жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн коштоо чөйрөсүндө ишенимдүү, компетенттүү жана кесипкөй өнөктөш катары ишенимдүү сунуштайбыз.